# 34-статья. Экологиялык жер которуучуларга биринчи кезектеги жардамдар

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 34-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-34

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте экологиялык жер которуучуларды жайгаштыруу боюнча иш чараларды кабыл алат. Бул учурда экологиялык жер которуучулар аргасыз жер которуучулардын статусун алгыча бардык зарыл жардамдарды алууга жана жашоо үчүн негизги зарыл керектүү тамак-аш жана негизги санитардык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болууга, ошондой эле комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жабыр тарткан жарандарды дарылоо, ден соолугун чыңдоо, калыбына келтирүү жана социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларды жана атайын мамлекеттик программаны кабыл алат.

3. Экологиялык жер которуучуларга компенсациялар экологиялык кыйроонун же айлана-чөйрөнүн кескин бузулушунун натыйжасында, алардын саламаттыгына келтирилген зыяндарга байланыштуу, жер которуучунун экологиялык кырсык болгон аймакта болуу коркунучунун даражасына жараша берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-35)
