# 33-статья. Экологиялык жер которуучулар

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410); 09.12.2011 [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203476)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 33-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-33

---

1. Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда кыйроолор же айлана-чөйрөнүн кескин бузулуп (мындан ары - экологиялык кырсык) адамдардын өмүрү менен саламаттыгына коркунуч туулса, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экологиялык жер которуучулар болуп эсептелүүчү адамдарды Кыргыз Республикасынын коркунучсуз райондоруна көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдын 38-статьясына ылайык аргасыз жер которуучу статусун алуучу башка коопсуз райондорго көчүрүлгөн жарандардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү чаралар боюнча экологиялык кырсык зоналарынын жана аймактардын классификациясын аныктоо тууралу чечим кабыл алат.

2. Экологиялык кырсыктардын кесепеттери жоюлгандан жана аймактар тазалангандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аргасыз жер которуучуларды мурдагы жашаган жерлерине кайтуусуна көмөк көрсөтүшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-34)
