# 3-статья. Кыргыз Республикасында ички жер которууну жөнгө салуунун негизги принциптери

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 3-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-3

---

Кыргыз Республикасында ички жер которууну жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктарын жана атап айтканда жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу, эркин жүрүү, жекече эркиндикке жана коопсуздукка болгон укугун камсыз кылуу;

- теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ынанымдарынан улам же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктарын жана эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбестик;

- Кыргыз Республикасынын чегинде баш аламан жана тартипке салынбаган жер которуунун алдын алуу;

- ички жер которуучулардын, биринчи кезекте, экологиялык жана табигый кырсык чөлкөмдөрүнөн келген аргасыз жер которуучулардын демилгесин жана өз алдынчалуулугун колдоо боюнча жаңы жашаган жерин жашоого ыңгайлаштырууга жекече катышуусу;

- ички жер которуу процесстерин жөнгө салууда тийиштүү мамлекеттик органдардын өз ара, ошондой эле коомдук уюмдар менен кызматташтыгы.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-4)
