3-статья. Кыргыз Республикасында ички жер которууну жөнгө салуунун негизги принциптери
Күчүндө · 16.06.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасында ички жер которууну жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктарын жана атап айтканда жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу, эркин жүрүү, жекече эркиндикке жана коопсуздукка болгон укугун камсыз кылуу;
- теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ынанымдарынан улам же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктарын жана эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбестик;
- Кыргыз Республикасынын чегинде баш аламан жана тартипке салынбаган жер которуунун алдын алуу;
- ички жер которуучулардын, биринчи кезекте, экологиялык жана табигый кырсык чөлкөмдөрүнөн келген аргасыз жер которуучулардын демилгесин жана өз алдынчалуулугун колдоо боюнча жаңы жашаган жерин жашоого ыңгайлаштырууга жекече катышуусу;
- ички жер которуу процесстерин жөнгө салууда тийиштүү мамлекеттик органдардын өз ара, ошондой эле коомдук уюмдар менен кызматташтыгы.
Берененин тексти 16.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 497 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 17.07.2012 · № 497 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1090/st-3" title="3-статья - Ички жер которуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>