23-статья. Калктын реестринин мазмуну
Күчүндө · 16.06.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 180
Калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке дайындарынан турат. Жарандардын жеке дайындарынын мазмуну калк жөнүндө мамлекеттик маалыматтык ресурстардын негизин түзөт. Калктын реестринде иштелип чыгуучу жеке дайындардын тизмеги иштеп чыгуунун максаттарын, негиздерин, принциптерин жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарды эске алуу менен анын ээси тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мазмуну
Калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке алынып салынды: маалыматтарынан кошулду: дайындарынан турат. Жарандардын жеке алынып салынды: маалыматтарынын кошулду: дайындарынын мазмуну калк жөнүндө мамлекеттик маалыматтык алынып салынды: ресурстун кошулду: ресурстардын негизин алынып салынды: түзүп, аларды түзүү кошулду: түзөт.
Калктын реестринде иштелип чыгуучу жеке дайындардын тизмеги иштеп чыгуунун максаттарын, негиздерин, принциптерин жана алынып салынды: пайдалануу жеке маалыматтардын Борбордук банкы тарабынан жүргүзүлөт.
Жеке маалыматтардын төмөнкүдөй түзүмдөрү болот:
1. Негизги жеке маалыматтар:
1) жарандын жеке идентификацияланган номери (ЖЖИН)
2) жарандын жеке идентификацияланган маалыматтары:
фамилиясы;
аты;
атасынын аты;
мурдагы аты-жөнү (эгерде өзгөртүлсө);
жынысы;
туулган датасы;
туулган жери;
3) графикалык келбети (фотосүрөтү);
4) жарандыгы:
жарандыгы;
жарандыкты алуунун жана аны токтотуунун негиздери;
жарандыкты алган жана аны токтоткон датасы;
5) жашаган жана/же турган жери жөнүндө маалыматтар;
мурда жашаган жери;
учурда жашаган жана/же турган жери;
областы;
району;
шаары, айылы;
кичи району, көчөсү, үй номери, корпусу, квартирасынын номери;
мурдагы дареги;
каттоо эсебине коюунун түрү жана датасы;
каттоо эсебинен чыгарылган дата;
кеткен жери;
6) өлгөн учурда - өлгөндүгү жөнүндө маалыматтар:
өлгөн датасы, жери жана себеби, көмүлгөн жери.
2. Кошумча жеке маалыматтар:
1) үй-бүлөлүк абалы жана туугандарынын жеке маалыматтары:
үй-бүлөлүк абалы;
атасынын аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;
энесинин аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;
багуучусунун жана/же камкорчусунун аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;
жубайынын (жана) аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;
балдарынын аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;
туугандык байланыштар түзүлгөн жана/же бузулган дата;
2) аскер кызматын аткаруу жөнүндө маалыматтар:
аскердик каттоого туруусу;
аскердик каттоодон чыгуусу;
аскер кызматын өтөгөн жер;
алган аскер наамы жана кесиби;
3) билими жана окумуштуулук даражасы жөнүндө маалыматтар;
окуу жайы;
окуу жайына кирген дата;
окуу жайын бүткөн (чыгарылган) дата;
алган адистиги;
окумуштуулук даража ыйгарылган (ажыратылган) түр жана дата;
4) ишинин түрү:
иштегендигинин/жумушсуздуктун статусу;
иштеген жери;
мурда иштеген жери;
кесиби жана/же кызматы;
ишке орношкон, жумушсуз катары катталган (эмгек биржасында катталган) дата;
бошогон дата;
5) социалдык төлөмдөр;
пенсиянын/жөлөкпулдун түрү;
пенсия/социалдык жөлөкпул дайындоонун (же жокко чыгаруунун) датасы;
6) эмигранттар жөнүндө маалыматтар:
өлкөдөн чыгып кеткен дата;
кеткен өлкөсү;
7) кандын тобу;
8) улуту.
3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтар:
документтин аталышы (коду);
сериясы;
номери;
берилген датасы;
колдонулуш мөөнөтү;
документти берген орган.
Ушул статьяда аныкталбаган маалыматтар калктын реестринде көрсөтүлбөөгө тийиш.
Бөлөк маалыматтарды ведомство ичинде жыйноо Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдары кошулду: Санарип кодексинде белгиленген талаптарды эске алуу менен алынып салынды: белгилениши мүмкүн.кошулду: анын ээси тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1090/st-23" title="23-статья - Ички жер которуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>