# 17-статья. Жаранды турган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 17-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-17

---

1. Жаранды турган жери боюнча каттоо жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.

Турган жерине келген жаран калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу белгиленген формадагы арыз менен кайрылууга милдеттүү.

2. Менчик укугунда өзүнө таандык болгон турак жайды жаранга жашоо үчүн берген жеке же юридикалык жак (үй ээси) турган жери боюнча катталууда жаранга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-18)
