16-статья. Жаранды жашаган жери боюнча каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу
Күчүндө · 16.06.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47
1. Жаран жашаган жери өзгөргөн учурда жазуу жүзүндө же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттап эсепке алуусу үчүн кайрылууга милдеттүү.
(Абзац КР 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын аймагында менчик укугунда бир нече турак жайы бар жаран алардын бирөөндө гана жашаган жери боюнча катталат.
3. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Белгилүү бир жашаган жери жок жарандарды каттоо алар турган аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, же болбосо социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле кайрымдуулук иштерин жүргүзүүчү же калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактардын юридикалык дареги боюнча жүргүзүлөт.
(Абзац КР 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Жаранды жашаган жери боюнча каттап эсепке алуудан чыгаруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүзөгө ашырылат:
1) жашаган жери өзгөргөндө - жарандын арызынын негизинде же жарандын жаңы жашаган жери боюнча каттаган ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчүнүн негизинде;
2) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) ээлеген турак жайынан чыгарылганда же турак жайды пайдалануу укугун жоготту деп табылганда - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
5) каттоо үчүн негиз болгон маалыматтардын же документтердин анык эместиги же каттоо жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдарынын укукка жат иш-аракеттеринин фактылары табылганда - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде.
6) турак жайга менчик укугун ырастоочу документтерди көрсөтүү менен турак жайдын мурунку менчик ээси менен чогуу жашаган адамдарды каттап эсепке алуудан чыгаруу жөнүндө турак жайдын менчик ээсинин арызы;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
8) жаран каза болгондо.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47, 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 226 "Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 21.05.2019 · № 226
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде…Постановление · 21.10.2013 · № 574 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.02.2024 · № 47
- Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 16.06.2026 · № 90 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1090/st-16" title="16-статья - Ички жер которуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>