# 13-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттап эсепке алуу

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 16 июня 2026 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048154)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.06.2026 [Закон КР от 16 июня 2026 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048154) (күчүнө кире элек); 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410); 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185); 09.12.2011 [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203476)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=35646..55434>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 13-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-13

---

1. Ички жер которууну жөнгө салуу, ички жер которуучулардын (мындан ары - жарандын) өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусун, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы өзүнүн милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттап эсепке алуу белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын тийиштүү административдик-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар жашаган жери боюнча катталууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу калкты жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу үчүн багытталган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган маалыматтык тутум аркылуу жүзөгө ашырылат. Өзүм билемдик менен курулган курулуштарда жашоочу Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кыймылсыз мүлккө техникалык паспорту бар болгон учурда жүзөгө ашырылат.

3. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо жана андан чыгаруу тартибин жарандардын жана кызмат адамдарынын каттоо эсебине контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47, 2026-жылдын 16-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-14)
