# 10-статья. Катталгандыгына карабастан укуктардын жана эркиндиктердин кепилдиктери

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 10-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-10

---

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жашаган жери же турган жери боюнча катталгандыгынын фактысына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен кепилденген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат. Катталган фактысынын жоктугу жарандык укугун жана эркиндигин чектөө үчүн негиз боло албайт.

11-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жана турган жерин эркин тандап алуу укуктарын коргоо

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугун козгогон мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат жана башка юридикалык жана жеке жактардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине карата жарандар жогору турган органга, жогору турган кызмат адамына же тикеден-тике сотко даттана алышат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-9)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-12)
