# 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901); 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования", "О внутренней миграции")](https://aqlex.ai/kg/doc/111667)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=3290..35646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 1-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: ички жер которуу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар кандай себептерден улам жашаган жерин туруктуу же убактылуу өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодаруулары; ички жер которуучу - Кыргыз Республикасынын чегинде ар кандай себептерден улам жашаган жерин туруктуу же убактылуу өзгөртүү максатында жер оодарган Кыргыз Республикасынын жараны; аргасыз жер которуу - куралдуу кагылыш, массалык тартипсиздиктер, бөөдө кырсык, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашы, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү кыйроо жана адамдын иш-аракетинен улам келип чыккан башка авариялар жана кыйроолор сыяктуу өздөрүнүн өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлардан улам жарандардын Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодаруулары; аргасыз жер которуучу - куралдуу кагылыш, массалык тартипсиздиктер, бөөдө кырсык, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашы, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү кыйроо жана адамдын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иш-аракетинен улам келип чыккан башка авариялар жана кыйроолор сыяктуу өздөрүнүн өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлардан улам өзүнүн жашаган жерин таштап Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодарууга аргасыз болгон Кыргыз Республикасынын жараны; (Абзац Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жашаган жери - Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу же узагыраак жашаган жери; турган жери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу же артыкчылыктуу жашоосу үчүн арналбаган жер; (Абзац Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) каттоочу - калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды топтоого жана киргизүүгө ыйгарым укук берилген жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын Борбордук банкынын иштөөсү үчүн жооптуу мамлекеттик орган; каттап эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча эсепке алуунун электрондук тутуму, анын негизги принциби ички жер которуу процесстерин, анын ичинде онлайн форматта жөнгө салуу болуп саналат; экологиялык жер которуучу - айлана-чөйрөнүн абалынын кескин начарлашынын кесепетинен же экологиялык кыйроодон улам өзүнүн жашаган жерин таштап Кыргыз Республикасынын чегинде башка жерге жер оодарууга аргасыз болгон жер которуучу. Ушул Мыйзамдагы башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде берилген маанилерде колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 160, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-11)
