# 9-статья. УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 9-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-9

---

УИАнын анык мүчөлөрү (академиктери) жана корреспондент мүчөлөрү:

- жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аны уюштуруу үчүн зарыл болгон шарттардын түзүлүшүнө;

- өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын тутумунан чыгып кетүүгө;

- УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга укуктуу;

УИАнын анык мүчөлөрү (академиктери) жана корреспондент мүчөлөрү:

- УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга активдүү катышууга;

- илимдин жетишкендиктерин практика жүзүндө ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүүгө;

- илимий изилдөө иштерин жеке жүзөгө ашыруу, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ал иштеп чыгууга илимий жетекчилик кылуу жолу менен илимди байытууга;

- илимий кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө;

- УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;

- УИАнын тийиштүү бөлүмүнө өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу түрүндө отчет берүүгө милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-10)
