9-статья. УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
УИАнын анык мүчөлөрү (академиктери) жана корреспондент мүчөлөрү:
- жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аны уюштуруу үчүн зарыл болгон шарттардын түзүлүшүнө;
- өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын тутумунан чыгып кетүүгө;
- УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга укуктуу;
УИАнын анык мүчөлөрү (академиктери) жана корреспондент мүчөлөрү:
- УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга активдүү катышууга;
- илимдин жетишкендиктерин практика жүзүндө ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүүгө;
- илимий изилдөө иштерин жеке жүзөгө ашыруу, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ал иштеп чыгууга илимий жетекчилик кылуу жолу менен илимди байытууга;
- илимий кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө;
- УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;
- УИАнын тийиштүү бөлүмүнө өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу түрүндө отчет берүүгө милдеттүү.
(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>