# 6-статья. Мамлекеттик органдардын жана УИАнын илимий-техникалык саясатты ишке ашыруудагы өз ара мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 6-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-6

---

УИА Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын субъекти болуп саналат. Кыргыз Республикасындагы илимдин өнүгүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу УИАнын тике катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекет УИАга жүктөлгөн милдеттер аткарылышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт, УИАнын кадыр-баркынын жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык, саясий өнүгүшүндөгү орду менен ролунун жогорулашына ар тараптан көмөктөшөт, анын ишин камсыз кылуу үчүн каржы каражаттарын белгиленген тартипте бөлүп берет. Өз ишинде УИА Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик башкаруу органдары менен активдүү өз ара аракеттенет. УИАнын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча ал аталган органдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка уюмдарына жана мекемелерине тике кайрылууга, алардан өз суроолоруна жооп алууга укуктуу. УИАнын компетенциясына кирген маселелерди кароодо УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу органдарынын коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин заседаниелерине жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу. УИАнын иши өзүнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылууга, окумуштуулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү эркин жүргүзүүгө багытталган илимий ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана өз алдынча башкаруу принциптерин айкалыштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. УИАдагы башкаруунун тариздери жана тартиби анын уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-7)
