# 5-статья. УИАнын функциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089#diff=948453..948454>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 5-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-5

---

УИАнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик бирдиктүү саясатын, илимий-техникалык өнүгүшүнүн комплекстүү божомолун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, республикадагы илимдин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө жылдык баяндаманы даярдоого катышуу;

- илимий-техникалык программалардын, изилдөө иштеринин келечектүү пландарынын алкактарында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн түзүү боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштеп чыгууларды жүргүзүү;

- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, илимий билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;

- илимий-техникалык саясат жана прогресс маселелери боюнча, ошондой эле улуттук билим берүү тутумунун илимий деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;

- илимий техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу.

(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-6)
