# 4-статья. УИАнын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089#diff=948453..948454>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 4-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-4

---

УИАнын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу алкактарындагы негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык, инновациялык илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу;

- эң маанилүү илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана катышуу;

- жогорку квалификациядагы илимий кызматкерлерди аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоо; окумуштуулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет өлкөлүк илимий борборлордо жогорулатуу;

- өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүүсүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий камсыз кылуу;

- илимди өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы жолдорун табуу; ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана механизмдерди иштеп чыгууга катышуу.

(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-5)
