# 23-статья. УИАнын эл аралык байланыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 23-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-23

---

УИА эл аралык практикада кабыл алынган эл аралык илимий алмашуулардын түрлөрү менен каражаттарын практикада колдонуп: илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыккан чет өлкөлүк уюмдарды, ишканаларды жана фирмаларды ишке тартат, алар менен белгиленген тартипте илимий жана техникалык проблемаларды чечүү үчүн биргелешкен ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт. УИА эл аралык илимий мекемелерди жана уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин илимдер академиялары, башка илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен байланыш түзөт жана тыгыз өз ара аракеттенет, өз ара пайдалуу негизде илимий программаларды биргелешип аткаруу менен илим-изилдөө иштеринин натыйжаларын, илимий маалыматтарды, басма сөз басылмалары, илим-изилдөө ишинин деңгээли менен натыйжалуулугун жогорулатуунун усулдары менен алмашат. Эл аралык байланыштарды жүзөгө ашыруу максатында УИА чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзөт, аткарат жана жокко чыгарат.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-24)
