23-статья. УИАнын эл аралык байланыштары
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
УИА эл аралык практикада кабыл алынган эл аралык илимий алмашуулардын түрлөрү менен каражаттарын практикада колдонуп: илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыккан чет өлкөлүк уюмдарды, ишканаларды жана фирмаларды ишке тартат, алар менен белгиленген тартипте илимий жана техникалык проблемаларды чечүү үчүн биргелешкен ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт. УИА эл аралык илимий мекемелерди жана уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин илимдер академиялары, башка илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен байланыш түзөт жана тыгыз өз ара аракеттенет, өз ара пайдалуу негизде илимий программаларды биргелешип аткаруу менен илим-изилдөө иштеринин натыйжаларын, илимий маалыматтарды, басма сөз басылмалары, илим-изилдөө ишинин деңгээли менен натыйжалуулугун жогорулатуунун усулдары менен алмашат. Эл аралык байланыштарды жүзөгө ашыруу максатында УИА чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзөт, аткарат жана жокко чыгарат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>