# 2-статья. УИАнын уставы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 2-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-2

---

УИАнын уставы анын жалпы чогулушунда кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте катталат. УИАнын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш. УИАнын уставында:

- УИАнын аталышы, жайгашкан жери жана статусу;

- УИАнын ишинин негизги максаты, милдети, багыты жана принциптери;

- УИАнын укуктары;

- УИАны, анын түзүмдүк бөлүктөрүн башкаруунун тартиби жана алардын ишине контроль жүргүзүү;

- УИАнын жетектөөчү органдарынын компетенциясы, аларды түзүүнүн тартиби жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү;

- УИАнын мүчөлүгүнө шайлоонун, анын тутумунан чыгаруунун шарттары жана тартиби;

- УИАнын түзүмү, анын уюштуруу түзүмдөрүн түзүүнүн, ишинин жана жоюунун тартиби;

- УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, алардын башка юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилесинин шарттары;

- УИАнын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби каралат.

Уставда УИАнын ишинин жана статусунун өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболор да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-3)
