# 17-статья. УИАны каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 28.06.2017 [Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089#diff=948454..948455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 17-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-17

---

УИАнын илимий мекемелерин каржылоо формалары (базалык, максаттуу-программалык жана гранттык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. УИАнын илимий мекемелеринин каржылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- республикалык бюджеттин каражаттарынан;

- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдөн;

- өздүк өндүрүлгөн товарларды сатуудан түшкөн каражаттардан;

- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана кайрымдуулуктардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.

УИАнын илимий мекемелерин каржылоо илимий мекемелерди, фундаменталдык жана прикладдык программаларды базалык каржылоону, ошондой эле академиялык илимий инфратүзүмдү каржылык камсыз кылууну кошуп алганда, Илимдин улуттук фондунан өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулардын тобу Илимдин улуттук фондунун гранттарын алуу үчүн конкурстарга катыша алышат. (Бөлүк КР 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган каржылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн каржылоо булактарына (бюджеттик каражаттар, гранттар, насыялар) карабастан, мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110, 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-18)
