# 11-статья. УИАнын президиуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089#diff=948453..948454>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 11-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-11

---

УИАнын жалпы чогулушунун сессияларынын аралыгында УИАнын президиуму туруктуу иштөөчү коллегиялуу аткаруучу орган болуп саналат. УИАнын президенти УИАнын президиумунун төрагасы болуп саналат. УИАнын президиуму УИАнын президентинин, вице-президентинин, башкы окумуштуу катчысынын, бөлүмдөрүнүн төрагаларынын, УИАнын уставында аныкталган санда УИАнын президиумунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле кеңеш берүүчү добушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүнүн курамында УИАнын жалпы чогулушунда шайланат. Президиумдун мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. УИАнын президиумунун мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары УИАнын уставында аныкталат. УИАнын президиуму:

- УИАнын жалпы чогулушунун сессияларын чакырат;

- илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте карайт;

- УИАнын бардык түзүмдүк мекемелери жана кызмат адамдары тарабынан УИАнын уставынын сакталышы үчүн контролдоону жүзөгө ашырат;

- УИАнын уставына ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-12)
