# 10-статья. УИАнын жалпы чогулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089#diff=948453..948454>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 10-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-10

---

УИАнын анык мүчөлөрүнөн (академиктеринен), мүчө-корреспонденттеринен, илимий мекемелердин жетекчилеринен жана жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулушу УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат. УИАнын жалпы чогулушу:

- УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү кабыл алат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын алкактарында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;

- УИАнын президиумунун, УИАнын бөлүмдөрүнүн, илимий мекемелеринин, анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин отчетторун угат жана бекитет;

- УИА анык мүчөлөрүн (академиктерин), мүчө-корреспондеттерин, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президентин жана президиумунун мүчөлөрүн УИАнын уставында аныкталуучу тартипте шайлайт;

- илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди карайт.

УИАнын жалпы чогулушунун сессиясы зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-11)
