# 1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1089)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089#diff=948453..948454>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1037/edition/948452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1089/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө, 1-статья (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) - УИАнын мүчөлөрүн УИАнын илимий изилдөө институттарын, илимий кызматкерлерин, адистерин, тейлөөчү жана башка кызматкерлерин бириктирген мамлекеттик жогорку илимий мекеме. УИА өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана УИАнын уставына ылайык жүзөгө ашырат. УИАнын иши республиканын өндүргүч күчтөрүн, анын илимий-техникалык дареметинин, маданиятынын, эл агартуусунун, адабиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө көмөктөшүүчү фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө, укуктук мамлекетти түзүүгө жана калыптандырууга багытталып, улуттар аралык тынчтыкты жана достукту чыңдоого көмөк көрсөтөт. Улуттук илимдер академиясы юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1089/st-2)
