# 9-статья. Микрофинансы уюмдарынын иши

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236793..1236794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 9-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-9

---

1. Микрофинансы компаниясы өз ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия алууга милдеттүү.

2. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик өз иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттигин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу Улуттук банктан күбөлүк алууга милдеттүү. Микрокредиттик компанияларга же микрокредиттик агенттиктерге эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет.

3. Микрофинансы уюмдары, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жери боюнча өз аталыштарын көрсөткөн көрнөккө ээ болуулары тийиш. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталыштары башкы уюмдун аталышына ылайык келиши керек. Микрофинансы уюмдарынын жана алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жери өзгөргөндө микрофинансы уюмдары бул тууралуу өз убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органына жана Улуттук банкка маалымдоосу керек.

4. Ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырып жаткан микрофинансы уюмдарына карата монополияга каршы мыйзамдардын талаптарынын сакталышы, бул максаттарда аткаруу үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды чыгара алган Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөөгө алынат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-10)
