# 8-статья. Микрофинансы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236800..9130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 8-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-8

---

1. Микрофинансы уюму микрокредиттөө боюнча негизги ишин жүзөгө ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн дагы башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу, анын ичинде:

1) күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлкүн анын микрофинансы уюмунун алдындагы милдеттенмелерин төлөттүрүү үчүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө;

2) микрокредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу консультациялык кызматтарын көрсөтүүгө;

3) коммерциялык банктарда эсептешүү (депозиттик) эсептерин ачууга жана кармап турууга;

4) юридикалык жактардан каражаттарды карызга алып турууга;

5) Уюштуруучулардан (акционерлерден) Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чектеринде каражаттарды карызга алып турууга;

6) туунду финансы аспаптары менен операцияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырууга.

2. Ушул Мыйзамда келтирилген чектөөлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана өзүнүн уставдык документтерине ылайык, микрофинансы уюму менчикке сатып алат, ага ээлик кылат, пайдаланат, ээликтен ажырата алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон микрофинансылоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу дагы башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат.

3. Микрофинансы уюму тарабынан кардарларга берилүүчү микрокредит күрөө, кепилдик, ар кандай финансы каражаттары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка каражаттар менен камсыз болушу мүмкүн.

4. Микрофинансы уюмдары төмөнкүлөргө укуксуз:

1) ушул Мыйзамга ылайык микрофинансы компаниялары тарабынан кепилдиктерди берүүдөн тышкары, жоопкерчиликтерди алууга жана кепилдиктерди берүүгө;

2) ушул Мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууга;

3) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга.

5. Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансы уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-9)
