# 7-статья. Микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236793..1236794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 7-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-7

---

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, андан башка жерде жайгашкан жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген жобонун негизинде бардык операцияларды жана/же анын бир бөлүгүн жүргүзгөн микрофинансы уюму тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү микрофинансы уюмунун филиалы болуп саналат.

Филиал микрофинансы уюму менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле микрофинансы уюмунун аталышына толук дал келүүчү, "филиал" деген сөз кошулуп жазылган аталышка ээ. Филиалдын жетекчилери аны түзгөн микрофинансы уюму тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде белгиленген тартипте иш алып барат.

2. Микрофинансы уюмунун өкүлчүлүгү катары юридикалык жак болуп саналбаган, микрофинансы уюмунун таламдарын коргогон жана анын атынан иш алып барган, ошондой эле микрофинансы уюмдарынын атынан бүтүмдөрдү түзгөн жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген өкүлчүлүк жөнүндөгү жобого ылайык укук чегиндеги башка иш-аракеттерди ишке ашырган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү саналат.

3. Микрофинансы уюмунун филиалдарын жана өкүлчүлүгүн ачуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет.

4. Микрофинансы уюмунун юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы эсепке алуу каттоосун кошпогондо, жергиликтүү бийлик органдарында каттоодон өткөрүлбөйт.

5. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн аталышын, жайгашкан жерин, аткарган ишинин түрүн өзгөртүү бул тууралу Улуттук банкка билдиргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Улуттук банк микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн ишине тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу.

7. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн иш-аракети микрофинансы уюмунун иш-аракети катары каралат, мында аларды түзгөн микрофинансы уюму өзүнүн филиалдары менен/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат.

8. Микрофинансы уюмдарынын чет мамлекеттердин аймактарындагы филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-8)
