# 6-статья. Микрофинансы уюмдарынын бирикмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 6-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-6

---

1. Микрофинансы уюмдары өз ишин координациялоо, коргоо жана жалпы таламдарды билдирүү, биргелешкен долбоорлорду аткаруу жана башка ушул өңдүү максаттарда ассоциацияларды же ушуга окшош башка бирикмелерди түзүшү мүмкүн, алардын мүчөлөрү микрофинансы уюмдары сыяктуу эле башка чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышкан жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

2. Микрофинансы уюмдарынын ассоциациялары же ушуга окшогон бирикмелери монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын аткарууга тийиш. Атаандаштыкты чектөөгө же рынокту монополизациялоого багытталган пайыздык ставкалардын өлчөмүн, комиссиондук сый акынын же төгүмдүн өлчөмүн белгилөө максатында ассоциацияларды болбосо ушуга окшогон дагы башка бирикмелерди пайдаланууга микрофинансы уюмдарына тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-7)
