# 38-статья. Микрофинансы уюмунун эсепке алуусу жана отчеттуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236798..1236799>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 38-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-38

---

1. Микрофинансы уюмунун финансы жылы 1-январдан башталат жана 31-декабрда бүтөт. Эгерде микрофинансы уюму 1-январдан кийин каттоодон өткөн болсо, анда биринчи финансы жылы мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында бүтөт.

2. Микрофинансы уюмдарынын отчетторунун мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана берүү мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш.

3. Микрофинансы уюму берилген маалыматтардын жана отчеттордун тактыгы жана толуктугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Микрофинансы уюмунун жылдык отчетторунун түзүмү жана мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет.

5. Микрофинансы уюмдары ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт жана финансылык отчетту түзүшөт.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-39)
