# 37-статья. Микрофинансы уюмунун аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236793..1236794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 37-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-37

---

1. Микрофинансы уюму эсептердин аныктыгын текшерүү, ошондой эле өзүнүн ички контролдоо тутумунун төп келгендигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ички аудитти жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансы компаниясы өзүнүн ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү, ал эми микрокредиттик компания (микрокредиттик агенттик) түзүшү мүмкүн.

2. Микрофинансы компаниясы көз карандысыз аудиторлордун күчү менен ар жылдык көз карандысыз аудит жүргүзүшү керек. Микрофинансы компаниясы жетекчиликке катты жана финансылык отчетторду кошуп алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын өзгөртүүсүз, жыл сайын микрофинансы уюмунун тышкы аудитору тарабынан отчет берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки 30-апрелден кечиктирбестен Улуттук банкка берип турууга милдеттүү.

3. Микрокредиттик агенттик өз ишине тышкы аудитти жүргүзө алат. Микрокредиттик компания өз ишине тышкы аудитти жүргүзүүгө жана Улуттук банк тарабынан белгиленген форма жана мөөнөттөр боюнча Улуттук банкка отчет берүүгө тийиш.

4. Улуттук банк ар жылдык көз карандысыз аудитти жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актыларды чыгарат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-38)
