# 36-статья. Жалган жарнамаларга тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236800..9130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 36-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-36

---

1. Микрофинансы уюмдарына жалган же чаташтырган жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат.

2. Эгерде Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан жарыяланган кулактандыруу же маалымат туура эмес же чаташтырууга алып келет деп эсептесе, Улуттук банк микрофинансы уюмунан жарнамалык кулактандырууну же анын иши же аталышы жөнүндө жарыяланган маалыматты Улуттук банк көрсөткөн мезгил ичинде өзгөртүүнү же жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде Улуттук банктын талаптары ушул статьянын 2-пунктуна ылайык ал тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан кулактандыруу же маалымат туура эмес баяндалгандыгы же кардарларды жана коомчулукту адаштыра тургандыгы жөнүндө билдирүүнү микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого жана мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын көрүүгө укуктуу. Бул учурда Улуттук банк микрофинансы уюмунан кеткен чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу, анткени алар микрофинансы уюму тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш.

4. Микрофинансы уюму тарабынан жалган же чаташтыруучу маалыматтардын атайылап жарыяланып кетишине байланыштуу келип чыккан башка милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталууга тийиш.

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [354-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-354)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-37)
