# 352-статья. Кредиттөөгө карата минималдуу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=31377..35838>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 352-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-352

---

1. Микрофинансы уюмдары кредиттөөнү жана башка кызматтарды көрсөтүүнү кардарларга карата ак ниеттүүлүк, ачыктык, аныктык принциптеринде, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, коммерциялык жана банктык жашыруун сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырат.

Микрофинансы уюмдары коммерциялык кредиттер катары тартылган каражаттарды жайгаштырууда алардын ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн иштин максаттарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Микрофинансылык уюмдар кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү минималдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү:

1) микрофинансы уюму тарабынан берилүүчү кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставкасы кредитти берүү датасына декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставканын маанисинен ашпоого тийиш;

2) келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (потенциалдуу карыз алуучулар) үчүн кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу толук маалыматты, анын ичинде кызмат көрсөтүүнүн толук наркы жөнүндө маалыматты мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана наркы жөнүндө толук маалыматты берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредиторлордун кредиттик продуктуларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында бир түрдүү болууга жана системага салынууга тийиш;

3) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, өзгөчө карыз алуучунун жалгыз турак жайы күрөө катары берилгенде, карыз алуучунун иш менен камсыз болуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин көрсөткүчтөрү, чыгымдарынын көлөмү, багуусундагы адамдардын саны ж.у.с. кошуп алганда, карыз алуучунун иш жүзүндөгү төлөө жөндөмдүүлүгү иликтенүүгө тийиш;

4) кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, микрофинансы уюмдары алуучу жана төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү жана жарыялангандан тышкаркы микрокредит боюнча келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле карыз алуучу менен келишилгенге көз карандылыктан тышкары акы алынуучу негиздеги башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат;

5) типтүү кредиттик продукциялар жана аларга карата келишимдер унификацияланган болууга тийиш;

6) келишимдин тексти бирдей өлчөмдөгү арип менен басылып, кардарлардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн болушунча так жана жеткиликтүү баяндалууга тийиш. Келишимдин тексти мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге которулушу мүмкүн, зарыл болгон учурда келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн;

7) келишимде тиешелүү келишим түзүлгөндөн кийин, кардар акча каражатын алганга же болбосо келишим боюнча лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү жүзөгө ашырган учурга чейинки мезгилде кардардын кредит алуудан (лизинг боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартууга укугу каралуусу тийиш;

8) келишимде кардардын кредитти же лизингди ар кандай учурда кандайдыр бир комиссияларсыз, айып санкцияларысыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда тындыруу укугу каралууга тийиш;

9) кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун бардык кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;

10) карыз алуучулар кайрылганда иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө так маалымат жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графиги берилүүгө тийиш;

11) кардар - жеке жак, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер менен кредиттик келишимде белгиленген негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн бышмана (айып акылар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредит боюнча келишимде көрсөтүлгөн номиналдуу пайыздык ставкадан ашык болбошу керек. Мында кредиттин колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн эсептелген бышмананын (айып акылардын, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынын ашпоого тийиш;

12) кардар даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана микрофинансы уюмунда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу маалымдалган болушу керек;

13) эгерде бул карыз алуучунун укуктарын жана милдеттерин начарлатса, микрофинансы уюму кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө же толуктоого укуксуз;

14) келишимге ылайык карыз алуучуга күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылыктуу укук берилүүгө тийиш;

15) мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча эсептелген бышмананын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген сандан ашууга тийиш эмес;

16) эгерде күрөө предметин өндүрүп алуу процессинде тараптардын макулдашуусу менен сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жайлар түрүндөгү кыймылсыз күрөө мүлкү ачык тооруктар аркылуу гана сатылат;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.

3. Микрофинансы уюмдарында банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароонун тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш. Кардарлардын кайрылуулары жазуу жүзүндөгү жоопту берүү менен отуз календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө каралууга тийиш.

4. Кардарлардын каралган кайрылууларынын натыйжалары боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.

Микрофинансы уюмдары кардардын талабы боюнча ага уюштуруу, уруксат берүү документтери жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.

5. Эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаштарды сотко чейинки жөнгө салуунун алкагында чечилет.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [351-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-351)  
Кийинки берене: [353-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-353)
