# 34-статья. Микрокредиттик компаниянын капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236793..1236794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 34-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-34

---

1. Микрокредиттик компаниянын капиталын толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына анын уюмдаштыруучулары, акционерлери, катышуучулары тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча микрокредиттик компаниянын милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет.

2. Микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы уюмдаштыруучулардын, акционерлердин, катышуучулардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түзүлөт. Микрокредиттик компаниянын уставдык капиталын негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого жол берилбейт.

3. Микрокредиттик компания күбөлүк алганга чейин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо (депозиттик) эсебине минималдуу уставдык капиталды салууга милдеттүү.

4. Улуттук банк иштеп жаткан жана кайрадан түзүлүп жаткан микрокредиттик компаниялардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилейт.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-35)
