# 33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2024 года № 87 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230007144)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.05.2024 [Закон КР от 20 мая 2024 года № 87 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230007144); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=9130..9374>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 33-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-33

---

1. Микрокредиттик компания өз каражаттарынын жана юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын эсебинен гана Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөөнү (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүүнү), Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат.

2. Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, микрокредиттик компания төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат:

1) карыз милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;

2) микрокредиттик компанияда кардарларга эсептерди ачпастан, банк менен агенттик келишим боюнча банктын чекене кызмат көрсөтүүлөрү;

3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу;

4) овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдында алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу.

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, микрокредиттик компания төлөм карталарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашыра алат.

3. Микрокредиттик агенттик өз каражаттарынын, финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берүүнү Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат.

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алган микрокредиттик компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.

Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу ушул микрокредиттик компанияга карата ушул Мыйзамдын төртүнчү главасында микрофинансы компанияларына карата каралган жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу.

5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коомдор формасында микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылуучу акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок, ошондой эле ушул статьяда каралбаган башка банк операцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 20-майындагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-34)
