# 32-статья. Микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттигинин уюмдаштыруучулары жана уюмдаштыруу документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236793..1236794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 32-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-32

---

1. Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 2-пунктунун 1-9-пунктчаларында саналган белгилердин бирине же бир нечесине ылайык келбеген шартта, микрокредиттик компаниянын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) жана микрокредиттик агенттиктин уюштуруучулары (катышуучулары) болушу мүмкүн.

2. Микрокредиттик компаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан коммерциялык уюмдар үчүн каралган кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формада уюшулушу мүмкүн.

3. Саясий партияларды, кесиптик кошундарды, диний уюмдарды кошпогондо, микрокредиттик агенттиги Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар үчүн мыйзамдарында каралгандан башка кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формасында уюшулушу мүмкүн.

4. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттиги ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдарга ылайык талап кылынуучу негизги маселелерди камтыган уставга ээ болууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-33)
