# 3-статья. Микрофинансы уюмунун аталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236800..9130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 3-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-3

---

1. Микрофинансы уюму микрофинансы уюмунун уставында айтылган аталышты гана пайдаланууга жана өзүнүн аталышында айтылып турган "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген сөздөрдү өздөрүнүн ишинин түрүнө жараша, ал эми өзүнүн кыскача аталышына тиешелүү "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатураларды колдонууга тийиш.

2. Микрофинансы уюму документтердин, кулактандыруулардын же жарнамалык материалдардын биринде да анын уставында жазылган аталыштан айырмаланган аталышты пайдаланууга укугу жок.

3. Микрофинансы уюму өз аталышына же символикасына "улуттук", "мамлекеттик", "Кыргыз Республикасы", "Кыргызстан" деген сөздөрдү ар кандай тилде жана ар кандай айкалышта колдонууга укугу жок.

4. Микрофинансы уюмунун фирмалык аталышындагы "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген терминдер же "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатуралар же ушул терминдер кошулуп айтылган кандайдыр бир сөздөр ушул Мыйзамдын чегиндеги лицензияга же күбөлүккө ылайык иш алып барган ошол микрофинансы уюмун гана жарнамалоо максатында колдонулушу мүмкүн.

5. Микрофинансы уюмунун аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Микрофинансы уюму аталышы жана/же турган жери өзгөргөндөн кийин үч күндүн ичинде бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарландыруу берүүгө милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан банктардын же болбосо микрофинансы уюмдарынын аталышы менен бирдей же аларды алмаштырып жиберүү даражасына чейин окшош белгилөөлөрдү аталыш катары пайдаланууга жол берилбейт.

Ушул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансы уюмдарына негизги банктардын (башкы) же микрофинансы уюмдарынын (башкы) аталыштарын пайдаланууда жайылтылбайт.

7. Өзүнүн фирмалык аталышында "ислам" деген сөздү тийиштүү уруксат берүүчү документтин негизинде ишти банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу микрофинансы уюмдары гана пайдаланууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-4)
