# 28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=35838..40635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 28-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-28

---

Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ:

1) баштапкы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө, уставдык капиталдын түзүмүнө жана мүнөздөмөсүнө, резервдерге тиешелүү стандарттарды кошуп алганда, финансы стандарттарын; капиталдын шайкештигинин коэффициентин; өтүмдүүлүктү; ар кандай жактар менен иш алып баруунун түрлөрүнө чек коюучу эрежени жана мындай ишкердиктин чөйрөлөрүн, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган же Улуттук банктын көз карашы боюнча микрофинансы компаниялары жана кредиттик агенттиктер тарабынан ишке ашырылуучу иштердин алгылыктуулугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон жана башка финансы стандарттарын белгилөө;

2) микрофинансы компанияларынын жана алардын филиалдарынын ишин текшерүү;

3) микрофинансы компанияларынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү;

4) Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде алардын ишинен табылган, ушул Мыйзамга же Улуттук банктын ченемдик актыларына карама-каршы келген кемчиликтерди жана катачылыктарды четтетүүгө милдеттүү болгон нускамаларды жана/же жазма буйруктарды иштеп чыгуу;

5) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга;

6) микрофинансы компанияларынын балансын, отчетторун жана алар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштер же операциялар жөнүндө жана башка документтерди же маалыматтарды суратуу жана алуу;

7) микрофинансы компаниясынын лицензиясын токтото туруу же кайтарып алуу же микрофинансы компаниясына ушул Мыйзам тарабынан уруксат берилген операцияларды жүргүзүүсүн убактылуу токтото туруу же тыюу салуу;

8) микрофинансы компаниясы төлөөгө кудуретсиз болгон учурда ага карата банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-аракеттерди көрүү;

9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-29)
