# 27-статья. Жөнгө салуу жана көзөмөл органы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236800..9130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 27-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-27

---

1. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банкка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, туруктуу финансы тутумун колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

2. Улуттук банк ушул Мыйзамдын жоболоруна толуктоо иретинде микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуучу, ошондой эле пруденциалдык жөнгө салуу маселелерин караган ченемдик актыларды иштеп чыгат, анын ичинде төмөндөгүлөрдү:

1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн;

2) капиталдын түзүмүн жана курамын;

3) активдерди классификациялоо жана кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун толтурууга резервдерди түзүүнү;

4) экономикалык ченемдер (капиталдын төп келгендиги, бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү, ликвиддүүлүк, ачык валюталык позициялардын лимиттери жана башкалар);

5) депозиттер (аманаттар) жана карыздык баалуу кагаздар менен иштөөнүн чектөөлөрү жана эрежелери;

6) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартибин.

3. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-28)
