# 26-статья. Лицензия алгандан кийин документтердеги маалыматтарды өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 26-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-26

---

1. Лицензия алуу жана микрофинансы компаниясын түзүү үчүн берилген маалыматтарга карата төмөндөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Улуттук банктын алдын ала жактыруусу талап кылынат:

1) микрофинансы компаниясынын уюмдаштыруу документтерине киргизилген ар кандай толуктоолорго;

2) лицензия алууга берилген документтердин тизмесине киргизүү үчүн талап кылынган документтерге же маалыматтарга ар кандай өзгөртүүлөргө;

3) микрофинансы компаниясынын башкаруу органынын курамына карата өзгөртүүлөргө;

4) Улуттук банктын ченемдик актыларында көрсөтүлгөн башка өзгөртүүлөргө.

2. Улуттук банк болжолдонуп жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө билдирме алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде макулдук берет же аларды киргизүүгө макул эместигин билдирет.

3. Болжолдонгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн каралган негиздер сыяктуу эле Улуттук банк тарабынан четке кагылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-27)
