26-статья. Лицензия алгандан кийин документтердеги маалыматтарды өзгөртүү
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 3-Глава
1. Лицензия алуу жана микрофинансы компаниясын түзүү үчүн берилген маалыматтарга карата төмөндөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Улуттук банктын алдын ала жактыруусу талап кылынат:
1) микрофинансы компаниясынын уюмдаштыруу документтерине киргизилген ар кандай толуктоолорго;
2) лицензия алууга берилген документтердин тизмесине киргизүү үчүн талап кылынган документтерге же маалыматтарга ар кандай өзгөртүүлөргө;
3) микрофинансы компаниясынын башкаруу органынын курамына карата өзгөртүүлөргө;
4) Улуттук банктын ченемдик актыларында көрсөтүлгөн башка өзгөртүүлөргө.
2. Улуттук банк болжолдонуп жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө билдирме алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде макулдук берет же аларды киргизүүгө макул эместигин билдирет.
3. Болжолдонгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн каралган негиздер сыяктуу эле Улуттук банк тарабынан четке кагылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-26" title="26-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>