# 25-статья. Лицензияны берүүдөн баш тартуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236796..1236798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 25-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-25

---

1. Улуттук банк төмөндөгү себептердин кайсынысы боюнча болбосун лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:

1) берилген документтердин ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына дал келбей калганда;

2) лицензия алуу үчүн берилген документтерде так эмес маалыматтар камтылса;

3) лицензиянын берилиши үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлбөсө;

4) табыштамачынын бул иштин түрү менен алектенишине тыюу салган соттун чечими болсо;

5) ушул Мыйзамды аткаруу максатында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда аныкталган башка жоболорго ылайык келбей калганда;

6) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка себептер боюнча.

2. Улуттук банк табыштамачыга лицензия берилбей калганынын себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирме жөнөтүүгө тийиш.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-26)
