24-статья. Лицензия алууга жазылган арызды кароонун шарттары
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
1. Арызды жана микрофинансы компаниясына керек болгон бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк эки айдын ичинде лицензия бериши керек, болбосо лицензия алуу арызына макул болбогонун билдирүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөткө микрокредиттик компанияны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон (кайра каттоодон) өтүүнүн убактысы кирбейт.
2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген формада жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө (кайрадан каттаалууга) макулдук билдирген кат микрофинансы компаниясына оң жооп болуп саналат.
3. Улуттук банкка берилген ар кандай маалыматка өзгөртүүлөр киргизилген учурда табыштамачы бул тууралу Улуттук банкка токтоосуз билдирип, өзгөртүүлөр камтылган документтерди өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 3 күндүн ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш. Улуттук банк арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мезгилин 10 жумуш күнүнө узарта алат. Эгерде Улуттук банк өзгөртүүлөр маанилүү деп эсептесе, ал алгачкы берилген маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын билдирген билдирмени алган күндөн тартып арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мөөнөтүн кайрадан баштоого укуктуу.
4. Эгерде Улуттук банкка берилген документтер лицензия берүүгө Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарды канааттандырган документтер алынган күндөн тартып башталат.
5. Микрофинансы уюмунун лицензиясын берүүдөн баш тарткан же микрофинансы уюмунун уюмдаштыруучуларынын лицензиясын алуу арызын кайра кайтарып алган учурда, лицензия алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарып берилбейт.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кирбейт.
2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик алынып салынды: мекемелер кошулду: уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги … бир нускасы кайтарып берилбейт.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № алынып салынды: 60 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>