# 23-статья. Лицензия алууга керектелүүчү документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236796..1236798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 23-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-23

---

1. Микрофинансы компаниясынын операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн табыштамачы Улуттук банкка төмөндөгү документтерди эки нускада берүүгө тийиш:

1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада лицензия алууга арызын;

2) нотариус тарабынан тастыкталган микрофинансы компаниясын түзүүчү уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн;

3) микрофинансы компаниясынын жалпы уюштуруу түзүмүн;

4) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;

5) микрофинансы компаниясынын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмесин жана Улуттук банк тарабынан белгиленген кесиптик жактан дал келүү талабына алардын жооп бериши тууралу маалымдамалар;

6) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;

7) коммерциялык банктын топтоо эсебине микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы катары каражат салгандыгын тастыктаган документ;

8) микрофинансы компаниясын түзүү тууралу техникалык-экономикалык (бизнес-план) негиздөөлөр;

9) уюштуруучулардын микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы катары киргизилген акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар.

2. Улуттук банк лицензия алуу үчүн табыштамачылар берүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтарды аныктоого укуктуу.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-24)
