# 21-статья. Микрофинансы компаниясынын акционерлеринин курамын өзгөртүү жол-жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 21-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-21

---

1. Тике жана кыйыр түрдө контролду ишке ашырууга укук берүүчү микрофинансы компаниясынын акцияларынын пакетин сатып алууга ниеттенишкен же башка жактар же бирикмелер менен бирдикте иш алып барышкан ар кандай жеке же юридикалык жактар акцияларды сатып алуунун болжолдонгон күнүнө чейинки отуз күнгө чейин Улуттук банкка жазуу жүзүндө табыштама берүүгө милдеттүү.

Ушул статьядагы сатып алуу деген түшүнүктө микрофинансы компаниясынын акцияларын сатып алуу, өткөрүп берүү, күрөөгө коюу же ажыратуунун дагы башка түрү же түйшүгү түшүндүрүлөт. Ушул статьядагы контроль деген сөздөн улам микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүн тике же кыйыр түрдө шайлоону контролдоого, ошондой эле микрофинансы компаниясын башкарууга кандайдыр бир башка жолдор менен таасир көрсөтүү жагындагы жөндөмдүүлүктү түшүнсө болот. Контроль микрофинансы компаниясы тарабынан чыгарылган добуш берүүчү ар кандай акциялардын беш жана андан ашык пайызына ээлик кылуу же башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү жолдор аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Акцияларды ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте сатып алуу табыштамаларын микрофинансы компаниясынын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында тике же кыйыр түрдө акциялардын контролдук пакетине ээлик кылуучу болуп калган жактар да бере алышат.

3. Улуттук банк табыштаманы алган учурдан тартып отуз күндөн кечиктирбестен, ал эми акциялар резидент эместер тарабынан сатып алынган учурларда алтымыш күндүн ичинде, өзүнүн (макулдугун же баш тарткандыгын) чечимин табыштамачыга жазуу жүзүндө билдирет. Баш тартуунун жүйөөсү айтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банк көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө билдирбесе, микрофинансы компаниясынын акцияларын сатып алуу боюнча бүтүмдөр ишке ашырылды деп эсептелинет.

4. Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдүк иш-милдетин жүзөгө ашыруунун чегинде алар тарабынан микрофинансы компаниясынын акцияларынын беш пайызынан ашыгыраагы сатып алынган учурда, микрофинансы компаниясынын финансылык абалы жана акционерлеринин ишкердик аброю жөнүндө маалыматтарды талап кылышы жана алышы мүмкүн.

5. Улуттук банк төмөндөгү учурларда табыштаманы канааттандыруудан баш тартышы мүмкүн:

1) эгерде акциялардын пакетин сатып алуу монополияга алып келиши мүмкүн болсо;

2) эгерде сатып алуучу тараптардын финансылык абалы микрофинансы компаниясынын туруктуу абалын коркунучка дуушар кылса;

3) эгерде микрофинансы компаниясынын сунуш кылынган жетекчилигинин компетенциясы, иш-тажрыйбасы, квалификациясы белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

4) эгерде сатып алуучу тараптар керектүү маалыматтарды толук беришпесе болбосо бурмаланган же туура эмес маалыматтарды беришсе.

6. Табыштамаларды берүүнүн жана кароонун тартиби Улуттук банктын ченемдик актылары тарабынан регламенттелинет.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-22)
