# 20-статья. Микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана аткаруучу кызмат адамдарынын квалификациясы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 20-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-20

---

1. Улуттук банк депозиттерди тартууну ишке ашырган микрофинансы компаниясынын төмөндөгү кызматтары боюнча квалификациялык талаптарды белгилөөчү ченемдик актыларды кабыл алууга укуктуу: Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, ири түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана башкы бухгалтер.

2. Депозиттерди тартуучу микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкармасынын мүчөлөрү тиешелүү кесиптик квалификацияга жана мыкты абройго ээ болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-21)
