# 19-статья. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлүүчү операциялар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 19-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-19

---

1. Микрофинансы компаниясы менен ар кандай аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлгөн ар кандай операция микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Улуттук банк микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операцияларга карата талаптар боюнча ченемдик актыларды кабыл алууга тийиш.

2. Микрофинансы компаниясы аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга активдерди жайгаштыруу боюнча: (1) ар кандай аффилирленген жакка карата операциялардын жалпы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) жана (2) мына ушундай операциялардын чогуу алгандагы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) шарттарда катыша алат.

3. Микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операциялар менен байланышкан, Директорлор кеңеши добуш берүүдөн баш тарткан же ошол маселе боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбогон ар кандай учурларда Директорлор кеңеши көпчүлүк добуш менен ошол маселени акционерлердин кийинки кезексиз чакырылган жалпы жыйналышынын же акционерлердин жылдык жыйналышынын кароосуна берүү тууралу чечим кабыл алышы мүмкүн.

4. Микрофинансы компаниясы тарабынан микрофинансы компаниясынын аффилирленген жактарынын пайдасына микрокредиттерди берүү же дагы башка операцияларды жүргүзүү Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдик актылардын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-20)
