# 18-статья. Кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236800..9130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 18-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-18

---

1. Микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында:

1) микрофинансы компаниясынын таламдарында иш алып баруу менен, микрофинансы компаниясынын кызыкчылыгын коргоо үчүн күч-аракеттерди жасоого, өз милдеттерин аткаруу учурунда негиздүү жана алгылыктуу чечимдерди сунуш кылууга, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарбай коюу кесепетинен микрофинансы компаниясына келтирилген чыгашалар үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга тийиш;

2) бир эле учурда Директорлор кеңешинин же Башкармасынын мүчөсү же микрофинансы компаниясынын Кыргыз Республикасында иштеп жаткан ар кандай аффилирленген компаниянын кызматкери болушу мүмкүн эмес;

3) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын кошуп алганда, мамлекеттик бийликтин ар кандай органынын бир эле учурда кызмат адамы же кызматкери катары кызмат ордун ээлөөгө тийиш эмес;

4) жеке кызыкчылык менен добуш берүү процессине катышууга же кандайдыр бир жолдор менен добуш берүүгө таасир көрсөтүүгө тийиш эмес.

2. Микрофинансы компаниясынын башкармасынын мүчөсү жеке өзүнүн кызыкчылыгында эмес, микрофинансы компаниясынын кызыкчылыгында иш алып барууга жана микрофинансы компаниясынын таламдарын коргоо боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле өз милдеттерин аткарууда негиздүү жана алгылыктуу чечимдерди сунуш кылууга, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарбай коюунун кесепетинен микрофинансы уюмуна келтирген чыгымдары үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга тийиш.

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-19)
