# 17-статья. Каражаттарды жайгаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236793..1236794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 17-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-17

---

1. Микрофинансы компаниясы каражаттарды жайгаштырууну ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, ошондой эле бекитилген ички кредиттик саясатка жараша белгиленген тартипте, иштин ушул Мыйзамда аныкталган максаттарына жүзөгө ашырат.

2. Микрофинансы компаниясы микрофинансы компаниясынын өзү чыгарган же баалуу кагаз катары бул максаттарга баалуу кагаздарды сатып алганга үчүнчү жактарга кредиттерди бербөөгө тийиш.

3. Микрофинансы компаниясы аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга жана мүлктү ишенимдүү башкарууга укуксуз.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-18)
