# 12-статья. Микрофинансы компаниясынын уюштуруу-укуктук формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081#diff=1236799..1236800>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 12-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-12

---

1. Микрофинансы компаниясы ачык жана жабык түрдөгү акционердик коом катары түзүлөт жана өз уставынын негизинде, ушул Мыйзамдын, "Акционердик коом жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иш алып барат.

2. Микрофинансы компаниясынын бүтүндөй ишине ушул Мыйзамда жана Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик актыларда аныкталган чектөөлөр тиешелүү болот.

3. Микрофинансы компаниясынын уставдарына жана башка уюмдаштыруу документтерине киргизилген бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Уставдарга жана уюмдаштыруу документтерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор аларды юстиция органдарында каттоодон өткөргөнгө чейин Улуттук банк тарабынан жактырылууга тийиш.

4. Микрофинансы компаниясынын уставдарына жана/же уставдык капиталдын өлчөмүнө байланыштуу уюмдаштыруу документтерине өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген учурда, микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздардын эмиссияларын акыркы каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгы тууралу баалуу кагаздарды чыгаруу болуп өткөндүгү таанылган учурдан кийинки бир айдын ичинде Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-13)
