# 11-статья. Микрофинансы уюмунун резервдери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1081)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1029/edition/1236790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1081/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө, 11-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-11

---

1. Микрофинансы уюму өз активдери менен кредит портфелдерин классификациялайт жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык потенциалдуу жоготуулардын жана тарткан чыгымдардын ордун жабууга резервдерди түзүшөт.

2. Потенциалдуу жоготуулардын жана тарткан чыгымдардын ордун жабууга резервди түзүү, шектүү жана чыгашалуу карыздарды эсептен алып салуу, ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервдерди корректировкалоо Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Потенциалдуу кредиттик жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервдерди түзүүгө кеткен чыгымдар микрофинансы уюмунун Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, салык алынуучу базасынан алынып салынган чыгымдары катары каралат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1081/st-12)
