# 8-статья. Банктык сырды коргоо, сактоо жана жарыялоо

- Документ: [Банктык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 122 "Банктык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1027/edition/764639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1079/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык сыр жөнүндө, 8-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-8

---

1. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтардын корголушун гарантиялашат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, банктын жетекчилерине жана кызматчыларына (анын ичинде мурда иштеп кеткендер да), ошондой эле банкка мурда кызматтарды көрсөтүшкөн же иштерди аткарышкан болбосо учурда аткарып жатышкан адамдарга аларга ишенип билдирилген же маалымдалган, банктык сырды түзгөн маалыматтарды сактоо тартибин бузуунун кесепетинен аларды ачыкка чыгаруу, ошол маалыматтарды жеке кызыкчылыктары же үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууларына, ошондой эле үчүнчү жактын маалыматтарды ушундай эле максаттарда пайдаланууларына түздөн-түз же кыйыр түрдө мүмкүнчүлүктөрдү берүүлөрүнө тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар, мамлекеттик органдар, аудитордук уюмдар жана башка юридикалык жактар банктык сырды түзгөн маалыматтарды санкцияланбаган жол менен берилип кетүүдөн коргоо боюнча уюштуруу, укуктук жана техникалык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

4. Банк кардар жөнүндөгү банктык сырды түзгөн маалыматты банк менен ошол кардардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар боюнча өз укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде сотто ачыкка чыгара алат. Банктын, анын кардарынын өтүнүчү боюнча соттун заседениеси жабык түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-9)
