# 7-статья. Банктык сырды ачыкка чыгарууга тыюу салуу

- Документ: [Банктык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 122 "Банктык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1027/edition/764639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1079/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык сыр жөнүндө, 7-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-7

---

1. Банктык сырды түзгөн маалыматтар аларга ишенип билдирилген, аткарган кызматына (ишине) байланыштуу, кызмат көрсөтүүлөрүнөн улам же ушул Мыйзамда белгиленген тартипте маалым болгон адамдарга, уюмдарга, мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына ошол маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктын отчетторунан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды эске албаганда, лицензия берүү, көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана контролдук функцияларын аткаруунун натыйжасында алынган банктык сырды түзгөн маалыматтарды таратууга укугу жок.

3. Аудитордук уюмдардын банктын, анын кардарын текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган банктык сырды түзгөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү жакка таратууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-8)
